• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Партиялар карантинди унутту. Түркия шайлоого 100 миң доллар берет

17 Аяк оона 2020 19:07 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЧОГУЛТТУ

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында өлкө башчы мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып, мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын эскертти.

КЫРГЫЗСТАН ТҮРКИЯДАН АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ СУРАДЫ

Түркия Кыргызстандын шайлоо өткөрүү боюнча техникалык колдоо көрсөтүү өтүнүчүн канааттандырып, 100 миң долларлык жардам көрсөтөт. Кыргызстан тарап буга чейин шайлоочуларды идентификациялоочу аппараттарды жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды алуу үчүн Түркияга кайрылган. Түрк бийлиги бул өтүнүч канааттандырып, жалпы суммасы 100 миң долларлык жардам көрсөтөт.

ТОВАР ТАШЫГАН УНААЛАРГА ТЕКШЕРҮҮ ТОКТОТУЛАТ

Кыргызстандан Казакстанга, Орусияга товар ташыган автоунаа каражаттарын текшерүү токтотулат. Эми машиненин жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба коюлуп, ошол аркылуу көзөмөлдөнөт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Бир күндө таажы илдетинен ооруп жаткан бейтаптардын 107си айыгып, каза болгондор катталган жок. Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү каза болду.

ПАРТИЯЛАР КАРАНТИНДИ ЖОККО ЧЫГАРДЫ

Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан Кыргызстан шайлоо өткөрүүнү чечкен мамлекеттердин катырын толуктады. 4-сентябрда каттоодон өткөн партиялар бир айлык үгүт иштерин баштады. Партиялардын кээ бири облустарга барып шайлоочулар менен жолугуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу республикалык штабдын сунушунун негизинде саясий партияларга көп кишини чогултууга тыюу салынган. Же болбосо жолугушууга келген адамдар социалдык аралыкты сактап, беткап тагынышы керек болчу. Бирок ага карабай, партиялар элди чогултуп, жолугушуу өткөрүп жатканын интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн жана түз алып көрсөтүүлөрүнөн байкоого болот.

АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ УКМКНЫН АЛДЫНА БАРДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап анын жубайы, балдары жана тарапташтары УКМКнын имаратына келишти. Куттуктап баргандардын арасында депутат Асель Кодуранова, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевалар бар. Алар колдоруна “Алмазбек Шаршенович туулган күнүңүз менен!”,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот.

ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫГАН МАРШРУТКА КЫРСЫКТАДЫ

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен №215 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя саат 10:00дөр чамасында катталып, маршрутка капталына кулап калган. Жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 429