• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: Премьер күч топтоп, эс алып жумушка чыкканы жатат. Анжелика Сыдыманга болушту

8 Кулжа 2020 18:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

8-июнга карата коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы 25 учур катталды. Бул тууралуу Саламттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.

ИЧКИ КАТТАМДАР ЖАНДАНДЫ

Өлкөдө бир нече ай мурда токтотулган ички аба каттамдары жанданып, бүгүн алгачкы учак Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча барып келди.

МЕЧИТТЕР ИШТЕП БАШТАДЫ

Республикалык ыкчам штабтын чыгарган чечимине ылайык, бүгүн 8-июньдан тарта Кыргызстандын аймагындагы баардык мечиттер жана намазканалар иштей баштады.

ЖКНЫН ДАГЫ БИР ДЕПУТАТЫ МАНДАТЫН ТАПШЫРАТ

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу  БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

ӨКМӨТ БАШЧЫ ЖУМУШКА ЧЫГАТ

 Өкмөт башчынын жыштык  чыры тергелип жаткан мезгилде убактылуу кызматтан четтеп туруу чечими коомчулуктун талкуусуна жем болгон.  Ал эми премьердин кайра ишке кайтат деген маалымат учурда суроолорду азайтпай эле тескерисинче көбөйттү. Кененирээк кийинки материалда.

СЫДЫМАНДЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОДУ

 Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча отурум жабык эшик артында өтүп, сот блогердин  түз эфирде айткан сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындоо чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 188