• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президенттин тууганы, Мадумаровдун тарапташтары кармалды

6 Теке 2023 17:24 Бишкек Govori.TV

СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 6-июлда Бишкекте сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган иш-чарага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медиа-эксперттер катышып жатат.

Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалы, журналисттердин коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр талкууланууда.

Министр Максүтов ЖМК менен жарандык коомду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр берилип жатат деген оюн ортого салды.

Деген менен Кыргызстан бир жыл ичинде сөз эркиндигинин рейтингинде 72-орундан 122-орунга түштү. Бул рейтингди «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму 3-май — Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялаган. Уюм акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарууга аракет кылып жатышканын белгилеген.

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН» 5 МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров партиянын айрым мүчөлөрүнүн кармалышы тууралуу комментарий берди.

Депутаттын айтымында, тарапташтарынын эмне себептен кармалганы белгисиз.

«Мага келген маалыматтар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого байланыштуу. Ал шайлоо өтүп, кийин жараксыз деп табылып, жыйынтыгы жокко чыгарылган. Тек гана өз алдынча ой жүгүртө алган жарандардын оозун жабуу, көз карашы барлардын көзүн таңуу, эн-эркин ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бербөө болуп жатат», — деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, 6-июлда “Бүтүн Кыргызстандын” беш мүчөсү кармалганын партиянын мүчөсү Нурбек Кубанычбеков билдирген. Анын айтымында, кармалган беш кишинин арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов бар, калган эки кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз. Азырынча тиешелүү кызматтар расмий маалымат бере элек.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

ПРЕЗИДЕНТТИН ТУУГАНЫ КАРМАЛДЫ

Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.

«Муну билген соң президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы»,-деп жазды ал.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таяну менен президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров кармалганын жазышкан. Биринчи Май райондук сотунун 3-июлдагы чечими менен шектүү 26-июлга чейин камакка алынган.

 “ЧАЧ” КАРМАЛДЫ

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран кармалды. Ал КР ИИМдин атайы каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган. Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тинтүү учурунда 10 граммга жакын “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 143