• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан төмөн түштү. Депутаттар Акыйкатчыны иштен алышты

3 Бугу 2023 20:17 Бишкек Govori.TV

ЖК АКЫЙКАТЧЫНЫ КЫЗМАТТАН АЛДЫ

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карап, бир катар талаш-талкуулардын соң Абдархматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун колдоп беришти.

Депутат Дастан Жумабеков Акыйкатчыны кызматтан алуу тууралуу өзүнчө мыйзам бар экенин белгилеп,  эгер аны кайсы бир фракция кызматтан алуу сунушун берсе демек комиссия түзүлүп иликтөө жүрүшү керектигин айтты.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров туура эмес кадамдар болуп жатканын айтып, Акыйкатчынын өзүнө сөз берип, анын да пикирин угууга чакырды.

Ага жооп берген ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматованы расмий чакыртылганын айтып, бирок келбей когонун билдирип, депутаттын дарегине бир катар сын-пикирин да кошмчалады.

Белгилей кетсек, парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчы Жогорку Кеңеште өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. Депутаттар баяндаманы аягына чейин укпай, Атыр Абдрахматованы кызматынан алууну сунуштап чыгышкан. «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы бул тууралуу чечимин парламент төрагасына берген. Тармактык комитет фракциянын сунушун колдоп чыккан. “Ата-Журт Кыргызстан” мындай сунушуна Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын айтып жүйө келтирген.

Абдрахматова бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

 “АЗАТТЫК” БОЮНЧА БИЛДИРҮҮЛӨР

3-майда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Азаттыктын»лицензиясын жокко чыгарган сот чечимин тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирип, жогорку инстанциядагы сотту апелляциялык арызды адилеттүү кароого чакырган.

Ал эми 1-майда “Азаттык” боюнча АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол билдирүү кылып, «кыргыз өкмөтүнүн эркин медиага жасаган одоно чабуулун, «Азаттыктын» ишин токтотуусун айыптай турганын, эркин ЖМКларды чектөө Конституцияга каршы келерин» билдирген.

Ага чейин АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирген. Анда «Азаттыкка» байланыштуу жагдай президент Садыр Жапаровдун сөз жана басма сөз эркиндигин сактоо тууралуу айтканынан шек жаратары белгиленген.

Бул кайрылууларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда жооп берип, «Азаттыкка» байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлгөнүн, сот өз алдынча чечим чыгарганын айтты. Ал айтылган сындарды орунсуз деп эсептей турганын, Кыргызстанда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга чектөө жок экенин белгилеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медиа» мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медианын» үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын «Настоящее время» телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Бул иштен тышкары «Азаттыктын» жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

СОТ АТКАРУУЧУЛАР КЕЧИРИМ СУРАШТЫ

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев бүгүн Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова жана журналист Гулназ Мидинова менен жолугушту.

Кыргызстандын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова жана сот аткаруучулар Жунус уулу менен Жамгырчиев Канат катышкан жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардык сотто орун алган окуяны талкуулашты. Бишкек аймактык сот аткаруучулар кызматынын  улук сот аткаруучусу Азат Сабитов кол алдындагылардын Govori.TVнын кабарчысына жасаган мамилеси үчүн кечирим сурады.

Ал эми шаардык соттун төрагасы Нурбек Эсеналиев сот аткаруучулардын журналистке күч колдонгону туура эмес экенин белгиледи. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен эки сот аткаруучу администрациялык жазага тартылат. Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова буга байланыштуу редакциядан бир күн мурун милицияга жазган арызды кайтарып алууну суранды. Ал бир мыйзам бузуу үчүн бир гана жаза колдонулушу керек деп эсептейт.

Арызды чакыртып алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө кайрылганыбызда арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнү белгилүу болду. Прокуратура бул ишти колго алса,  Сот департаментинин административдик жаза тууралуу чечиминен кийин тосмо арыз жазылат.

Сот аткаруучулар өз түшүндүрмөлөрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин № 545 «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын имараттарын коргоо жана контролдоо боюнча сот аткаруучулардын ишин уюштуруунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» буйругуна таянышууда.  Анда телеканал кызматкерлери, ошондой эле камерасы бар  жарандар соттун имаратына жумуш убактысында соттун төрагасынын же иш боюнча төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана киришет» деп жазылган. Бирок, бул жобо сот имараттарынын коридорлорунда видео тартууга тыюу салынганын билдирбейт.

Белгилей кетсек, журналисттин маалымат алуу жана жайылтуу укугу Баш мыйзам тарабынан корголгон.

Эске салсак, 2-майда Бишкек шаардык сотунда сот приставдары тарабынан журналистке күч колдонулган. Анда сот аткаруучулар кабарчынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, күч менен аны сыртка сүйрөп чыгышкан. Журналитст сот Департаменти менен милицияга арыз жазган. Ошол эле күнү Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Govori.TVнын жетекчиси Кайыргүл Урумканова менен жолугуп, окуя кылдат иликтене турганын айткан.

СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН ИНДЕКСИ

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашты. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму рейтингди 3-май — Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялады.

3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө “олуттуу кырдаал”, 42 өлкөдө “кыйын абал”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык абал” түзүлгөн деген бүтүмгө келди.

2022-жылдагы индексте Кыргызстан алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет болгон. Индексте Түркмөнстан 176, Тажикстан 153, Өзбекстан 137, Казакстан 134-орунда.

Авторлор Борбор Азиянын көрсөткүчтөрү начарлаганын белгилешет. Кыргызстан кошуналарга салыштырмалуу өйдөрөөк, 122-сапка жайгашканы менен былтыркыга караганда 50 орунга ылдыйлап кеткен. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерлик эмес.

БЛОГЕР КАРМАЛДЫ

Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга блогерге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган жаран, аталган блогер 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеосун жарыялайм деп коркутуп келгенини айткан.

“Видеону жарыялабоо үчүн блогер 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, блогер 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Белгиленгендей, 33 жаштагы блогер соцтармактарда транспорт каражаттарын техникалык кароо чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча материалдарды активдүү жарыялап келген.

Кармалган жаран Улан Бекмуратов аттуу блогер экени жана ал буга чейин ИИМдин Патрулдук кызматынын кызматкерлеринин көзүнчө унаасын өрттөөгө аракет кылганы маалым болгону кошумчаланды.

Ал арада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев блогерлер маселесин көтөрдү.

Количество просмотров: 156