• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Спикер орусча сүйлөйм деп коомчулукту эки жээкке бөлдү. Президент колдогон соң Парламент тарабайт

25 Аяк оона 2019 19:05 Бишкек Govori.TV

Президент колдогон соң Парламент тарабайт

Кыргызстанда деги эле зерикпейсиң. Коомчулукта парламент тарайт деген имиштердин аягы тыяла элек. Ушундан улам маселенин чын төгүнүн аныктап көрүүнү эп көрдүк. Буга байланыштуу эл өкүлдөрү өз пикирлери менен бөлүшүп, Парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашына негиз жок экенин айтышты.

Спикер орусча сүйлөйм деп коомчулукту эки жээкке бөлдү

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орус тилинде сөз сүйлөгөндөн бери коомчулукта, айрыкча социалдык тармакта абал тынч эмес.
Дегеним, спикердин башка өлкөлөрдөн келген кесиптештеринин алдында орус тилинде кичине кыйналып сөз сүйлөөсү катуу талкуу жаратып, коомчулукту эки жээкке бөлдү.

Кененирээк «Күндүн ыргагында»…

Количество просмотров: 1290