• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Түрмөгө түшүп өнөрү өркүндөгөн саясатчылар. Чек арада кайрадан ок атылды

2 Кулжа 2020 19:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС. ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда  бир сутка ичинде коронавирустан 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыкса, коронавирусту жуктурган жаңы 28 учур катталды.

ЧЕК АРАДА ОК АТЫЛДЫ

Чек арада кайрадан ок атылды. Бул жолу кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасы аткыланды. Жаракат алган жарандын абалы туруктуу. Маалыматка караганда, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушуп, иликтөө жүргүзүп жатышат. Билдирүүгө караганда, кыргызстандык жаранга Тажикстан тараптан аңчылык куралдан 11 жолу ок атылган. Ага эки ок тийген.

ШАЙЛОО БОСОГОСУ МЕНЕН КҮРӨӨ ТАЛКУУДА

Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

ТҮРМӨГӨ ТҮШҮП ӨНӨРҮ ӨРКҮНДӨГӨН САЯСАТЧЫЛАР

Абакта жаткан мурунку президент Атамбаевдин тарапташтарын чөкпөөгө чакырган ыры социалдык тармакта дагы да талкууда. Мындан улам коомчулукта темир тор артына кирген саясатчылардын жаңы өнөрлөрү ачылат окшойт деген кептер айтылды. Абакта жатып жаңы өнөрүн ачкан саясатчылар тууралуу баяндайбыз.

ҮЙҮ ЖОК МАЙЫП ЖУБАЙЛАРДЫН ТАГДЫРЫ

Өлкөдө карантин убагында жардамга муктаж болгондордун саны өстү. Мамлекет, жеке ишкерлер тарабынан түрдүү көмөктөр көрсөтүлгөнү менен, муктаж болгондордун саны азайбай келет. Жардамга муктаж мүмкүнечүлүгү чектелген жубайлардын турмушу кийинки материалда.

Количество просмотров: 310