• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиевди кетирүү талабы айтылды. Бишкекте батир ижарасы кымбаттады

27 Аяк оона 2022 18:06 Бишкек Govori.TV


СУЛАЙМАНОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирди. Ал бүгүн 27-сентябрда билдирүү жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, андыктан убакытты текке кетирбөөнү чечкенин айтты. Көп узабай президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын тапшырган Алтынбек Сулаймановдун реформа тууралуу дооматына жооп берип, соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды. Султанбаев аймактык реформа бир заматта эле болорун белгилеп, бир жылдан бери долбоору даярдалып жатканын айтты.

ТАШИЕВДИ КЫЗМАТТАН АЛУУ ТАЛАБЫ АЙТЫЛДЫ

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү таратты. Анда Ташиевдин соңку кадамдары «коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөткөнү» белгиленген.

УКМКнын төрагасы БДКнын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. 25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн постту алууга макулдашты.

АБАКТАГЫ ЖЕКШЕНАЛИЕВДИН АБАЛЫ

Камакта жаткан блогер Ырыс Жекшеналиевдин тешкертүү үчүн бүгүн 27-сентябрда Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышты. Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. Анын айтымында, Жекшеналиев текшерүүдөн өтүп, жүрөк жана бөйрөк оорусу боюнча анализ тапшырган соң кайра абакка алып кетишти.
Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган.

МИГРАНТТАР: ДЕПУТАТ МИНИСТРЛИКТИН ИШИН СЫНДАДЫ

Бүгүн, Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Эмгек министрлигинин «Тышкы миграция», «Тышкы эмгек миграциясы» жана «Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандагы укуктары» жөнүндөгү үч мыйзамга толуктоо киргизүү сунушу каралды. Анда депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстандан кеткен мигранттар көбөйүп жатканын белгилеп, министрликтин аларды алып калуу же көйгөйүн чечүүгө мыйзам иштеп келбегенине токтолуп, сын пикирин айтты. Ошондой эле депутат өз сөзүндө орус жарандыгын алган кыргыздар Орусиядагы мобилизацияга кабылып жатканын билдирди.

БИШКЕКТЕ БАТИРЛЕРДИН ИЖАРАСЫ КЫМБАТТАДЫ

Орусиядагы мобилизациядан улам миңдеген жарандар коңшу өлкөлөргө агылып жаткан чагы. Кыргызстанга акыркы жети күндө 3,5 миң россиялык келди. Ал эми үстүбүздөгүжылдын сегиз айында Россиянын 170 миң жараны каттоодон өткөн. Алар үчүн өлкөдө убактылуу баш калкалоо, иштөө ыңгайлуу. Мына ушундай жагдайдан пайдаланып, калаадагы батир ээлери ижара акысын көтөрүп, ал тургай жергиликтүү тургундарды чыгарып жатат деген маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланууда.

МАНАСЧЫ СЫНГА КАЛДЫ

Түркиянын Бурса шаарында “Манас жумалыгы” иш-чарасы өтүп жатат. Саамалык ТҮРКСОЙ, Бурса шаарынын Мэриясы жана Элчилик менен биргеликте уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында манасчы Рыспай Исаков Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Венгриядан келген башка манасчылардын колдоосу менен тынымсыз жана узак мөөнөткө Манас айтуу боюнча рекорд коюуга аттанган. Социалдык тармактарда манасчы Рыспай Исаковдун Манас айтып жаткан учурдагы видеосу тарап, сын-пикирлердин айтылышына себеп болду. А түгүл мадният министрин кызматтан алуу талабы айтылды.

Количество просмотров: 2156