• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Тажы илдетин жуктургандар 216. Кыргызстандык Москвада өрттөнүп кетти

6 Чын куран 2020 20:14 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ДАГЫ 2 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ

Кыргызстанда коронавирус жукканы аныкталган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу 6-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Министр билдиргендей, алар экөө тең ооруканада, стационардык дарыланууда болчу жана абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышкан.

COVID-19: БИР СУТКАДА 69 УЧУР КАТТАЛДЫ

6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 216га жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттыкты сактоо министри билдирди.ИАл эми коронавирус менен жабыркаган 10 адам айыкканы айтылды. Министрдин айтымында бүгүн 23 адам ооруканадан чыгарылат.

КОРОНАВИРУС КАРАКОЛДО

Караколдо Кирпич заводу районундагы №55 көп кабаттуу үйүнүн эшиктери ширетилип кулпуланды деген маалымат интернетте тарап, талкууга алынган. Андагы маалыматтар боюнча ал үйдө коронавируска шектелген жаран жашаган. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирүү таратып, сөз болуп жаткан көп кабаттуу үйү карантинге алынганы айтылды.

МОСКВАДАГЫ ӨРТТӨ КЫРГЫЗ ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандарга арналып курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кетти. Ал эми өрттө кыргыз жараны көз жумганы айтылган. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

АЙЫЛ ЧАРБАДА АБАЛ КАНДАЙ?

Республика боюнча жазгы айдоо иштери 291,1 миӊ гектар аянтта жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, жазгы айдоо тапшырмасы 48%га аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ гектарга көп болду.

Количество просмотров: 461