• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Текебаев Модинди, Төрөбаев фейктерди издеди

1 Тогуздун айы 2019 19:34 Бишкек Govori.TV

Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө берген Модин издөөдө экенин айтты
Бүгүн, 1-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, кийинки отурум 17-октябрга жылдырылды.
Соттук отурумга айыпталуучу тараптын 20дан ашык күбөлөрү чакырылган, бирок алардын 8өө эле суралып жетишишкен. Алардын арсында ИИМ министринин мурунку орун барасы Курсан Асанов сыяктуу төрт генерал да күбө катары суралган.
Ал эми саясатчы Текебаев айыптоочу тарап күбөлөрүн алып келе албайт деп, Маевский абакта жатканын ал эми өзүнө каршы көрсөтмө берген Модин издөөдө экенин айтып өттү.


Депутат Төрөбаев фейктерди парламентке чакырды
Ал арада ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев коомчулук президенттин, Жогорку Кеңештин же өкмөттүн расмий чечимине ишенбей социалдык тармактагы фейктердин жалган маалыматтарына ишенип калды деген пикирин ортого салып, шайлоо жакындап калганда фейктер талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтар тарап баштайт деген пикирин айтты.


Президенттерден селфи…
Социалдык тармак демекчи бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери жана өкмөт башчылар менен селфи форматында түшкөн сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды
Алардын бирин Армениянын премьер-министри Никола Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөсө, дагы бир селфини Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун жарыялады.

Количество просмотров: 216