• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Күндүн ыргагы: Тик учак кырсыгынан 1 адам каза болду. Медиа коомчулук президентке кайрылды

17 Үчтүн айы 2024 18:33 Бишкек Govori.TV

ТИК УЧАК КЫРСЫГЫНАН 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждан бирөө каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бортто жалпы 11 киши болгон. Жараат алгандардын бешөө реанимацияга жаткырылды, алардын бирөө өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Министрлик тик учактын кырсыгы боюнча кызматтык териштирүүнү баштады.

Коргоо министрлиги мунун алдында кырсык окуу-машыгуу учурунда катталганын, Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгонун билдирген.

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН КАМАЛЫШЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-январдагы жалпы жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүү сунушун берди.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков ИИМ бул ишти мыйзам чегинде карашы керек деген оюн айтты.

Журналисттердин кармалышын сөз эркиндигине кысым катары балоо туура эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Анын пикиринде, өлкөдө сөз эркиндиги бар.

16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар «Темиров LIVE», «Айт, айт десе» долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

МЕДИА КООМЧУЛУК КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Бүгүн, 17-январь Бишкекте медиа коомчулуктун өкүлдөрү маалымат жыйын уюштурду. Жыйында «Кыргызстандын медиа-аракет платформасынын» жетекчиси Тамара Валиева президентти маалымат каражаттары менен диалогго чакырды.

«Биз президенттен бош убактысын бөлүп, көз карандысыз журналисттер менен жолугушууну суранабыз. Бизге сүйлөшүү керек, компромисс керек. Журналисттерге болгон таарынычтарды унутуп, кең пейил адам катары мындан жогору болгула», — деди Валиева.

16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттер кармалган. Ал эми 15-январда УКМК 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алган.

24.KGНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ СУРАК БЕРДИ

Бүгүн, 17-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак берип чыгышты.

Жактоочунун айтымында, иштин статусу өзгөргөн жок, Оторбаева менен Ниязова иште күбө катары өтүүдө.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

КӨЛБАЕВДИН 2 УНААСЫН УКМК МЕНЕН ИШ БАШКАРМАЛЫК АЛДЫ

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы чыккан Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү 1 млн 150 миң сомдук машинеси УКМКга, 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 млн 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 автоунаасы президенттин иш башкармалыгына берилди.

Андан тышкары Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган машинелеринин дагы төртөө аукционго коюлду.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Количество просмотров: 447