• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Тынч акцияга тыюу салуу талкууда. Миллиондор корогон холдинг эмне үчүн жоюлду?

6 Бештин айы 2022 19:34 Бишкек Govori.TV

ЭКСТЕРДИ АРТЫКЧЫЛЫКТАН АЖЫРАТУУ

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Демилгенин автору депутат Жеңишбек Токторбаев эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебейт. Демек, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эмес.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев мурдагыларга дагы тиешелүү боло тургандай кылуу зарылчылыгын айтты.

Токторбаев муну 100 пайыз колдой турганын, өзү дагы ошондой болушун каалап жатканын, эгер мыйзамга дал келүүчү сунуштары болсо, биргеликте иштеп чыгууга даярдыгын айтты.

Ал эми Нурланбек Азыгалиев президенттиктен кеткенден беш жылдан кийин «экс» макамынан ажыратууну сунуштады эле мурдагы төрага, учурдагы депутат Дастан Жумабеков айтылып жаткан демилгелер орунсуз экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Жеңишбек Токторбаев экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржылоо сыяктуу артыкчылыктардан ажыратуучу мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

 “УЛУУ КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ” ХОЛДИНГИ ЖОЮЛДУ

Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдинги жоюлушуна 700 миллион сом талап кылынары белгилүү болду. Мындай көлөмдүү акчаны сарптап жоюлуп жаткан холдингдин ишин сындаган депутат, Дастан Бекешов ага каралган 3 миллиард сомду бюджетке кайтарылышы тууралуу маселени сурады.

ДЕПУТАТТЫН АКТОО ӨКҮМҮ ЖОККО ЧЫГАБЫ?

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жокко чыгаруу талабы бүгүн, 6-декабрда Жогорку сотко жөнөтүлдү. Көзөмөл органы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча арыз берген.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттардын арасында Эмил Жамгырчиев да бар. Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё берген. 1-декабрда УКМК ушул тапта депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.

2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишти оң чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын орду толтурулган. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту эки соттолуучуну тең кылмыштын курамы жок деп актаган.

МИТИНГДЕРГЕ ТЫЮУ

31-декабрга чейин Бишкектин бир катар жерлеринде митинг уюштурууга тыюу салган чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды. Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тегерегинде адамдардын топтолуп, акция уюштуруусуна уруксат жок.

БАКИЕВДИН ҮЙҮНҮН ОРДУНА БОРБОР КУРУЛДУ

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан  үйүнүн ордуна балдарды реабилитациялык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, объекттин курулушу аяктады, жакында ачылышы болот. Туманбаев белгилегендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор 100 орунга ылайыкташтырылып, бардык заманбап шарттары менен пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, качкын президенттин үйү  ушул жылдын июнь айында бузулган.

2010-жылдагы Апрель окуясында Жибек Жолу проспектисинде  жайгашкан эки имарат күйүп, азыркы убакка чейин кароосуз калган. Андан соң ал жакка майыптар отурукташып калышкан. Революциядан кийин алар үйдү расмий түрдө аларга өткөрүп берүү өтүнүчү менен убактылуу өкмөткө кайрылышкан. Бирок оң жооп болгон эмес. Ал эми Бакиевдин кароосуз калган үйү көчөдө калган жарандар үчүн башкалкалоочу жайга айланган.

Количество просмотров: 151