• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Уурулукка шектелип, полковник кармалды. Мечиттерде жума намаз окула баштайт

26 Баш оона 2020 19:43 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап кайтыш болуп, 113 кишиден коронавирус лабораториялык жол менен табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдирди. Ошол эле маалымат жыйында Үсөнбаев, эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото электигин белгилеп, Саламаттык сактоо менен Билим берүү министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн тиешелүү алгоритмдерди иштеп жатканын айтты. Белгилей кетсек, 26-августка карата вирус жалпы 43358 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты.

ЖУМА НАМАЗГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

Өлкө боюнча жума намаздарын санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди. Мусулмандар дин башкармалыгы кабарлагандай, жума намаздарын мечитте окууга келгендер беткап тагынуу, 1,5 метрдик аралыкты сактоо, кол алышпоо, кучакташып көрүшпөө сыяктуу талаптарды аткарууга тийиш. Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген.

ЭРЕЖЕ БУЗГАН ТОЙКАНАГА АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

Бишкектеги “Кайнар” рестораны кайрадан санитардык эрежени бузганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тойкана бул жолу дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаган эмес. Октябрь райондук акимчилигинин тиешелүү кызматтары массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин (“Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу”) негизинде протокол түзүлгөн.

ИМАНАЛИЕВ ШАЙЛООГО КАТЫШПАЙТ

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев шайлоого барбай турган болду. Бул маалыматты эл өкүлү Govori. TVга ырастады. Каныбек Иманалиев мындай чечимли өз каалоосу менен кабыл алганын айтып, шайлоого бараткандарга ийгилик каалады.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирбей калганы тууралуу маалыматтар тараган болчу.

СПОРТ АГЕНТТИГИНИН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Парханов Мирлан Абдивалиевичке өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мирлан Парханов аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.

УУРУЛУККА ШЕКТЕЛИП, ПОЛКОВНИК КАРМАЛДЫ

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү баңгизат жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. Аталган кызматкерлер тинтүү учурунда табылган үч килограммдан ашык алтынды уурдап алышкан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 200-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки териштирүү башталган. Эми аталган иштин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси полковник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

ӨСПҮРҮМ АСЫНЫП АЛДЫ

Кант шаарында 12 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 26-августта Ысык-Ата районунун ИИБна Кант шаарындагы кичирайондордун бириндеги үйдөн (балдардын уктоочу бөлмөсүнөн) 2008-жылы туулган П.В. аттуу өспүрүм кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Бул факт боюнча Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы аныкталган. Бардык жагдайлар иликтенип жатат. Азыркы учурда тергөө жана оперативдик иш-чаралар сотко чейинки өндүрүштө жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 599