• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жапаров менен Текебаевдин айтышы уланды. Изделип жаткан Исаковдун иши кайрадан каралат

7 Бештин айы 2020 18:44 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти.

МАМЫТОВ ОРУСИЯДА МИГРАНТТАР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, Талант Мамытов иш сапардын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

НОВИКОВ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮН КЫДЫРАТ

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш сапар 7-9-декабрга пландалган. Анын жүрүшүндө Новиков өндүрүш объектилеринин иши менен таанышат.

ЖАПАРОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВДИН АЙТЫШЫ

Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 7-декабрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны «Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы» деп атап, Кыргызстан ал Конституция менен 10 жылда 30 жылга артка кеткенин жазды. Жапаров «Фейсбуктагы» жеке баракчасына мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыктагы» маегине жооп катары жазган.

МУЗЕЙ МЕНЕН ИППОДРОМ ИШИ КАЙРА КАРАЛАТ

Кыргызстандын Жогорку соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттун буга чейинки эки инстанциясы чыгарган өкүмдү 7-декабрда жокко чыгарды. Бул тууралуу ушул иш боюнча айып тагылган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

САРПАШЕВ МАМЛЕКЕТТИН ЖЕРИН КАЙТАРДЫ

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 530 гектар жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлагандай, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Сарпашев мурун өзү жана жакын туугандары ээлеп келген 500 гектар жайытты, ошондой эле 30 гектар аңыз-шалбааны Токтогул районунун Торкен айылынын балансына өткөрдү.

АДАЛ ЭМГЕК АБИЙИР ТАПТЫРАТ

Бишкек шаарында майып жарандар иштеген тамактануучу жай ачылды. Учурда Саламон сендвич деп аталган ашканада 9 өзгөчө адам иштеЙТ. Кардарларга кызмат кылгандардын арасында 22 жаштагы Асран бар. Ал келгендерди тосуп алып, тейлөө кызматын аткарат.

Количество просмотров: 3741