• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоор парламентке түштү. Жекшеналиевдин иши кайра каралабы?

9 Үчтүн айы 2024 18:11 Бишкек Govori.TV

ЖМК МЫЙЗАМЫ ПАРЛАМЕНТКЕ КЕЛИП ТҮШТҮ

Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоодон өттү. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган.

55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.

Президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

БЛОГЕРДИН ИШИ

Прокуратура Ырыс Жекшеналиевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.

“Бул жерде кайра карай турчу эч нерсе жок. Ырыс Жекшеналиевдин ишин бир жыл төрт ай тергешти. Анын ичинен төрт ай тергөө иштери, бир жыл сот болду”, — деди адвокат.

2023-жылдын 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди толук актаган чечим чыгарган.

Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

ИМИНОВ КАЙРА КАМАККА АЛЫНДЫ

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалганы белгилүү болду. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, райондук сот мындай чечимди 2023-жылы 30-декабрда чыгарган.

Анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.

УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат ал жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнүн билдирген.

Былтыр 16-ноябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту Ахрор Иминовду сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон.

ЖАМК ЖЕНГО БОЮНЧА МААЛЫМАТ ТАРАТТЫ

Социалдык тармактарда «Женго каймана аты бар Кадыр Досонов каза болду» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кадыр Досоновдун каза болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал учурда Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.

Кадырбек Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Кыргызстанда кримтөбөл аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы айтылган видеолор чыккан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Кадырбек Досонов кылмыштуу аракетин дагы эле улантып жатканын айтып, ал Оштон Бишкекке которуларын билдирген. 

“УСТА” БАЗАРЫНЫН КОММЕРЦИЯЛЫК ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкекте курулуш материалдары сатылган “УСТА” базарында ижарачылардан келишимде көрсөтүлбөгөн акча чогултуу жана салыктан качуу фактылары аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “ар бир ижарачыдан ай сайын беш миң сомдон 50 миң сомго чейин мыйзамсыз акча жыйнаган” деген шек менен базардын коммерциялык директору кармалды.

Ижараны 30% төмөндөтүү боюнча жетишилген макулдашууларга карабай, базардын администрациясы кошумча каражат жыйнаганы, базар жетекчилиги көп суммада салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканы аныкталганы кабарланды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 7-январда “УСТА Билдинг” ишканасынын коммерциялык директору (М.М.М.) кармалып Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Базардын жетекчилиги менен шектүүнүн адвокаттары комментарий бере элек.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Количество просмотров: 127