• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көпчүлүктүн кумирине айланган франциялык актёр Ален Делон 89 жашында каза болду

18 Баш оона 202413:36 Бишкек Govori.TV

Француз актёру Ален Делон 88 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Agence France-Presse анын балдарынын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

Басылма баса белгилегендей, актёр үйүндө, үй бүлө мүчөлөрүнүн жанында каза болгон.

2019-жылы актёр эки инсультту башынан өткөргөн. Ал ошондой эле рак илдетине чалдыгып, Альцгеймер дарты менен жабыркаган.

2022-жылы анын уулу Энтони атасы менен жеке баарлашуусу жөнүндө айткан автобиографиясын чыгарды. Тактап айтканда, ал Делон комага түшкөндө эвтаназияга баргысы келгенин жазган.

Кийинчерээк маалымат каражаттарында Делондордун үй-бүлөсүндө мурас талашып жатканы боюнча маалымат тараган. Бирок Делондун уулу Энтони мындай билдирүүлөрдүн мураска эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Ален Делон эң чоң атакка «Рокко жана анын бир туугандары» (1960), «Жарык күндө» (1960), «Самурай» (1967), «Шаарда экөө» (1973) тасмаларындагы ролдору аркылуу ээ болгон. Ал «Биздин тарых» (1984) тасмасында «Эң мыкты актер үчүн» Цезар сыйлыгын жана Берлин эл аралык кинофестивалында ардактуу сыйлыкты жеңип алган. 2019-жылы Канн кинофестивалында актер киного кошкон салымы үчүн ардактуу пальма бутагын жеңип алган.

Количество просмотров: 142