Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловго ыйгарылган «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу, журналист Мирбек Молдакунов өзүнүн баракчасына жазды.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.
Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.
Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалып, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.