• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Качан партбилетин алмаштырышты “КСДП” өзү билет…

22 Жетинин айы 2018 17:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Буга чейин Кыргызстан демократтар партиясынын башкы фигуранттарынын ортосундагы тиреш күндөн-күнгө өрчүп бара жатканы жалпыга маалым. Партия башчыларынын бири маалымат жыйын уюштуруп, учурдагы президентти бийликке жетелеп келген мен элем деп басмырлап шылдың кылгандай пикирлерди айтып келген.
Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров Атамбаевдин өзу дагы “сүйрөлгөндөрдүн” катарында экендигин айтат.
Мындан көп өтпөй эле Атамбаев кезектеги чабуулун баштап, КСДП мүчөлөрүнө тандоо талабын коюп,  партиялык билеттери алмаштырыла тургандыгын КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева айтып чыкты.  Маалым болгондой  бул партия эски үлгүдөгү билеттерди жокко чыгарып, жаңысы берилээрин билдирди.
Мындай чечим кабыл алынганы боюнча КСДП партиясынын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү да өз ойлору менен бөлүштү. Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында партиянын саясый кеңеши кайсыл учурда, жана кандай чечим чыгараарын өздөрү билет. А бирок жеке Айнуру Алтыбаевага карата нараазычылыктар болсо ойлонуп көрөөрүн айтты.
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков да бул чечимге үн катып өз оюн билдирди. Анын пикири боюнча КСДП бирөөнүн жеке менчиги эмес. Андыктан ар бир мүчө, партия кызыкчылыгын гана көздөшү керек деген оюн билдирди.
Партиянын саясий кеңеши канчалык деңгээлде мыйзам чегинде иш барып жаткандыгы белгисиз. А бирок партияны тазалайм деп жатып, тазалган боюнча жалгыз калбаса болду деген пикирин депутат Төрөбай Зулпукаров айтты.
Мындан ары КСДП мүчөлөрү партиянын талабын аткарса Атамбаевдин,  эгер аткарбаса Жээнбековдун тарабында калаары ачык эле көрүнүп калды.

Количество просмотров: 31