• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кадамжайда келин жолдошунун ур-токмогунан каза болду

11 Үчтүн айы 2024 13:58 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында А.К. аттуу келин жолдошунун ур-токмогунан каза болду. Маалыматты  Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-январь күнү саат 15:00 чамасында болгон. Шектүү жубайы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып уруша кетип аялын муунтканы, маркум аба жетпей ошол эле жерде каза болгону аныкталган. Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көз тарабында көгөргөн жаракаты жана моюнунда кол менен муунтулган белгилер табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал эми ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ж.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 261