• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кадамжайда сел жүрдү

12 Бугу 20229:06 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 11-май күнү катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечки саат 19:00дөр чамасында жаап өткөн катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү айылында сел жүрдү.

Сел катталган аймакка ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 122