GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттиги 5 жашка толду. Жогорку Кеңештин депутаты каналга куттуктоо сөздөрүн айтты.
Анын айтымында, Govori.TV оозго алынган маалымат булактарынын бирине айланып бара жатат.
«5 жыл медиарынокто жашаштын өзү эле кыйын. Мунун өзү изденүүңөрдү айтып турат. Ошол жолдон тайбагыла, анткени бул тармак өтө татаал. Оозго алынган маалымат булактарынын бирине айланып бара жатасыңар. Команданын эриш-аркак иштешинин акыбети деп билем. Эң башкысы журналисттик этиканы сактап, стандарттар менен кеткенге аракет кылып жатасыздар. Барандуу келечек тилейм, мээнетиңердин акыбети эл, журтка пайдалуу болсун!