• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кайнатасын өлтүргөнгө шектелип келини кармалды

4 Тогуздун айы 202415:47 Бишкек Govori.TV

1-сентябрь күнү 27 жаштагы С. кызы Р. арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал 1-сентябрга караган түнү үйүндө өзү менен бирге жашаган кайнатасы 64 жаштагы Д. А. менен пикир келишпестиктен улам, аны арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБнен кабарлашты.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери жүргөн.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 27 жаштагы тургуну С.кызы Р. менен бирге Кара-Суу районунун 27 жаштагы Н.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 294