• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кайра шайлоо: БШКга дагы бир талапкерден арыз келип түштү

6 Чын куран 2023 18:06 Бишкек Govori.TV

БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкерден дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде БШКга 28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Исмаилова Карачач Джумаевнадан (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Буга чейин сегиз талапкер Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген.

Количество просмотров: 348