• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кайра шайлоо: Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады

31 Үчтүн айы 202221:47 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке Бишкектеги №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого 37 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктады. Арыз жазган 72 кишинин 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн. Тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер). Боршайком бир талапкерди каттоодон баш тартты. Калганы документтерди тапшырган эмес. Ушул тапта 18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Количество просмотров: 82