• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Какап каласыз…» Депутат Икрамов Төрөбаевди сынга алды

12 Үчтүн айы 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жыйынды алып барып жаткан кесиптеши Бакыт Төрөбаевди сынга алды. Ага себеп, Төрөбаевдин жыйында каралып жаткан маселенин шашылыш түрдө добушка койгону болду.

«Бакыт Эргешевич, бул жерде сиз жыйынды туура эмес алып барып жатасыз. Сиз эл шайлаган депутаттардын үнүн укпай, добушка коюп салдыңыз. Мен сизге ачык эле айтып коеюн, буга чейин дагы көп нерсени өзүңүздөр бекетип алып жең ичинен депутаттардын үнүн укпай добушка коюп салып жатасыз. Сиз туура эмес жакка барып жатканыңызды көрсөтүп жатасыз. Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп, какап каласыз», — тдеген Икрамов.

Ага жооп берген Төрөбаев ар бир сынды кабыл ала турганын айтып, «какайбызбы же какабайбызбы сиз айта албайсыз. Бул жерде ар кандай пикирлер айтылат, ошондой эле сындар дагы, биз аны кабыл алабыз. Бирок биз алдыга жылышыбыз керек да», — деди.

Бүгүн, 12-январда парламенттин жыйыны өтүп жатат, анда депутаттар ЖК түзүмүн бекитип, вице-спикерлерди шайлаша турганы маалымдалган.

Количество просмотров: 14905