• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Калаада коомдук тартипти 2,7 миң милиция кызматкери камсыздайт 

19 Бугу 20249:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Саптык кароого 2 миң 700 милиция кызматкери жана 1 миң элдик кошуундун мүчөлөрү катышты.

Ал комплекстүү профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Саптык кароодо коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу милдеттери коюлду.

ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана элдик кошуундун мүчөлөрүнүн талаптарын сактоону өтүнөт

Количество просмотров: 109