• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Калктын аярлуу топторунун укуктарын коргогон уюмдар «Чет өлкөлүк өкүлдөр» мыйзамына каршы

17 Тогуздун айы 2023 10:38 Бишкек Govori.TV

Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аярлуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдарынын «Чет өлкөлүк өкүлдөр» (айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү) жөнүндө Мыйзамдын долбоору жөнүндө кайрылуу жолдошту.

Алардын кайрылуусунда, Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аярлуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдары, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө деп аталган мыйзамды кабыл алуу социалдык жактан кыйраткыч, талкалоочу зыяндарга алып келет деп эсептешет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аны кабыл албоого чакырат.

«Бейөкмөт уюмдарына — чет өлкөлүк өкүл деген жаӊы макамды белгилөө чет өлкөлүк каржылоону алган + саясий ишмердүүлүк менен алектенген улуттук Бейөкмөт уюмдары таанылат, бул укук коргоо жана ар түрдүү аярлуу топторго жардам берүү боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн социалдык чөйрөдө иштеген Бейөкмөт уюмдарына тиешеси жок деген ката жана жаӊылыш көз караш болуп саналат. Мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүк деген абдан кеӊири жана бүдөмүк түшүнүк киргизилүүдө, ага ылайык саясий ишмердүүлүк мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге, алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, аталган максатта коомдук ой пикирди калыптандырууга багытталган ар бир кыймыл-аракет таанылат. Мындай чечмелөө боюнча гендердик теӊ укуктуулук, үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо жана сактоо, балдарды, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жана башка аярлуу топторду коргоо чөйрөсүндөгү бардык Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү саясий ишмердүүлүк деп эсептелип калуусу мүмкүн, себеби алардын ишмердүүлүгү ушул социалдык топторго карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган. Мындай Бейөкмөт уюмдары жарандардын аталган категорияларына, мейли мамлекет зарыл жардамдарды толук жана тиешелүү сапатта бере албаган шарттарда болсун социалдык кызматтарды көрсөтүп эле коюшпастан, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук сүйлөшүүдө ал жарандардын үнү, алардын кызыкчылыктарын билдирүүчү, жеткирүүчү болуп эсептелишет», — деп жазылат.

Ошондой эле, көп учурда Бейөкмөт уюмдарынын активисттери укук коргоо, балдардын, аялдардын, улгайган адамдардын, майыптыгы бар адамдардын коопсуздугу жаатындагы орун алып жаткан көйгөйлөрдү документтештиришет, жарандардын аталган топторуна тиешелүү мыйзамдарды аткаруу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жаатындагы түзүлгөн тажрыйбаны өзгөртүүгө карата конкреттүү коомдук суроо-талап түрүндө жеткиришет жана жалпылаштырышат, мунун негизинде алардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик чараларды жеткиликтүү кылуу, мыйзамдардын ченемдерин өзгөртүү, жаӊы механизмдерди киргизүү зарылчылыгын түшүнүү жана сынчыл ой жүгүртүү жаралат

Кайрылуунун толук тексти менен төмөндөн тааныша аласыз:

Количество просмотров: 73