Бишкек.22.12.17.Govori.TV
Коюу тумандан улам, эл аралык «Манас» аэропортуна 4 учак коно албай койду. Бул туурасында аба майдандын маалымат кызматы билдирди.
«Бишкек убактысы боюнча «Аэрофлоттун» эки, Flydubai компаниясы менен «Эйр Манастын» 8.30да келе турган бирден каттамы кармалып жатат. Алар Оштогу, Астанадагы жана Алматыдагы кошумча аэродромдорго конушту», — деп билдиришти аэропорттон.
Ал эми «Манастан» учуп кете турган каттамдар кармалган жок.