• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камакка алынган блогер Ырыс Жекшеналиев тууралуу ИИМ маалымат таратты

15 Баш оона 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Ырыс Жекшеналиевдин «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматтта айтылат.

Маалыматтар боюнча, “Полит Узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылып Facebookка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн жооп берген.

«Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды. «Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат.
Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык-) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруу жайына киргизилди», — деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 341