• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Камактагы оппозициячы саясатчылар ачкачылык акциясын улантууда

17 Баш оона 2018 12:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда.
Маалыматта саясатчылар Жогорку Соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку Соттун судьялары жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда.
Белгилей кетсек, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында «бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген.
Количество просмотров: 18