• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Канатбек Азиз: Жапаровдун Рахмон менен бир дасторкондо олтуруп маек курганы кызык болмок

7 Тогуздун айы 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Канатбек Азиз соцтармактагы баракчасы аркылуу президенттин Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине барбай калганы тууралуу пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, Жапаровдун КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине барбай турганынын дипломатиялык себеби — иш графиги бош эмес.

«Бирок жакында Тажикстандын биздин аймагыбызга басып киргенден кийин Садыр Жапаров бул иш-чарага катыша албаганын тана албайбыз, себеби мүмкүн анда Владимир Путин Эмомали Рахмонду 3-даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлап, анын ден соолугу үчүн тост көтөрүлүп жакында болгон юбилейи менен куттуктоолор болмок.

Чыр-чатакка байланыштуу Кыргызстандын позициясын мамлекет башчыбыз БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө ачык айтты. Садыр Жапаров баарын өз аты менен атап, баардык акценттерди койгон. Ошондон кийин Рахмон менен бир дасторконго олтуруп, беймарал маек куруп кетет деген ой кызык болмок.

Кызыл сызыктарды чийип, улуттук кызыкчылыкты коргоо кыргыз саясатындагы жаңы тенденция, ага баары көнүп, эсептешүүгө туура келет», — деп жазат ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирдүү таратып, президент иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпай турганын айткан.

«Россиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбай турганы буга чейин да кабарланган. Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаган.

Количество просмотров: 984