• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кантип Кажы-Сай айылынын тургундары өздөрүнүн кичи районун алдыртып жиберишти?

21 Үчтүн айы 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда батирлерди алдоо жолу менен тартып алган учурлар көп. Бүтүндөй бир кичи райондогу ээлери, турак-жайынан ажыраган мисалдар да бар. Кеп 90-жылдарга чейин уранга бай бир кездеги гүлдөп турган Кажы-Сай айылы жөнүндө болуп жатат. Айылда жайгашкан комбинаттын жумушчулары учун жакшы шарттар түзүлгөн болчу: ыңгайлуу коп кабаттуу үйлөр, мектептер, балдар бакчалар, ооруканалар. Союз урагандан кийин баары бир баста өзгөрдү.

266 батирди уран өндүргөн комбинатынын жумушчулары жана Кажы-Сай айылынын аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөрү алган болчу. Айрымдары аларды менчиктештирүүгө да жетишти. 2007-жылы үйлөрдүн көбү бош турган кезде айыл өкмөт башчысы Кубат Исаев «Квинтилион Тур 1» ишканасына баасы болгону 2 миллион 300 миң сомду (58 миң доллар) бааланган беш көп кабаттуу үйдү өткөрүп берген. Бирок, мүлк ээлерине келишим тууралуу кабарланган эмес. Андан бери көптөгон соттук териштирүүлөр жүрүп иш Жогорку сотко чейин жетти. Сотттук тирешүүлөр 14 жылдан бери уланып келет жетет. Эмне үчүн бул сот иши мынчалык создуктурулуп жатат?

14 жылдан бери жашоочулардын негизги каршылашы «Quintillion Tour 1» ишканасы болуп келет. Ачык маалыматтар боюнча, бул компаниянын жалгыз негиздөөчүсү Мамбетказиева Азиза Рашидовна. Мындан тышкары, ал башка компанияларга да ээ. Ысык-Көл облусунун губернаторунун экс-кеңешчиси Ильяс Пакиров, Мамбетказиева жетектеген «Зарна-Сервис» ишканасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду өткөргөн тендерге катышып, 2017-жылга чейин 85 миллион сомдон ашык акча алганын айтып берген элле. 2014-жылы бул компания ишенимсиз кызмат көрсөткөн уюмдардын тизмесине киргизилген. Маселе Шор-Булак айылындагы мектепти оңдоодогу чырдан чыкты. Мындан бул айымдын артында кандай чоң аткаминер турат деген суроо шек жаралат.

Соттук териштирүүлөр 14 жылдан ашык убакыттан бери уланып келсе даны ушул убакка чейин айыл өкмөттүнө бир дагы батир өтө элек. Укук коргоочу Камил Рузиевдин президентке жолдогон кайрылуусунда батирлер жогорку кызматтагы адамдарга сатылып кеткени боюнча далилдерди келтирген. Мындан тышкары оңдоого убада кылгандай «Quintillion Tour 1» ишканасы эмес, батирдин жаны ээлери өздөрү катышкан.

Кажы-Сайдагы мүлк талашуу 14 жылдан бери уланууда. Бул аралыкта 5 президент алмашып, эки революция да болду. Бул маселе жок дегенде азыркы президенттин мөөнөтүндө чечилет деп ишенгибиз келет.

Булак: Шаман.ТВ.

Количество просмотров: 6355