Кантта милиция кызматкерин сабаганга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү саат 4:00дөр чамасында Кант шаарынын Гагарин-Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде Базар-24 дүкөнүнүн жанында азиат түспөлүндөгү 30-35 жаш чамасындагы адамдар 1991-жылы туулган К.Р. аттуу жаранга эч себепсиз денесине залал келтиришкен. Жабырлануучу астыңкы жаагынын ачык сыныгы менен Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
«Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду. Бардык керектүү соттук-медициналык жана юридикалык экспертизалар дайындалды. Жабыркаган жаран К.Р. Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр 1989-жылы туулган Д.А., 1991-жылы туулган И.Т., 1989-жылы туулган Э.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.