• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каныбек Осмоналиев: Төрага башка өлкөнүн премьер-министрине катасы менен кат жазса эмне болмок?

5 Жалган куран 2019 10:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алганы белгилүү болду.

Бул туурасында профессор, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев “Govori.TV” мультимедиалык маалымат агенттигине өз оюн билдирип мындай деди:

“Кыргыз республикасынын экинчи адамы, өлкөнүн үчүнчү кишисине факсимиле менен кайрылуусу туура эмес. Бул өтө туура эмес иш болуп калды. Жалпы эле бийликте кадрдык маселе бар экенин айгинелеп калды. Дагы жакшы бул биздин премьер-министрге жазылган. А эгер Казакстандын же Өзбекстандын премьер-министрине жазылса эмне болмок эле?”,-дейт Осмоналиев.

Количество просмотров: 40