• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Каныбек Осмоналиев толугу менен акталды

6 Бештин айы 2018 17:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Мурдагы билим берүү министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев толугу менен акталды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда чыкты. Бул тууралуу Govori.TV агенттигине Каныбек Осмоналиев өзү билдирди.
Бишкек шаардык соттор коллегиясы бардык коюлган айыптарды жокко чыгарып, мени актады. Соттун ушундай адилеттүүлүк жолуна түшкөнүнө кубанып турам”,-деди Каныбек Осмоналиев.
Буга чейин, прокуратура Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган болчу.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан.
Быйыл мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.
Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирип келген.
Количество просмотров: 29