• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каптагаев: Роза Исаковнага эмне кереги бар эл менен түртүшүп митингде жүргөндүн?

11 Жалган куран 2020 9:52 Бишкек Govori.TV

10-мартта болгон аялдардын укугун коргоого арналган тынчтык митингине Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да барганы талкууга түшкөн эле. Ал эми коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев экс-президентке болушкан билдирүү калтырды.

Ал фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазган:

Кечеги митингиден кийин Роза Исаковнага карата ылай суудай агып жаткан карандай калптан турган жалааларды окуп адегенде наараазы болдум… ачуум да келди, ар бирине бетке чапкандай жооп жазсам деп да ойлодум… колум бош эмес эле… жаза алган жокмун.

Кечинде үйгө келип кайра бир сыйра көз жүгүртүп, кимдер демилгелеп, кимдер сүрөп, кимдер аларды жабалактап ары-бери сүйрөп жатканын көрүп кайра зээним кейиди, «биз өзү мурдубуздун учунан ары көрө албаган, учур чак менен гана жашаган бир бечара эл экенбиз …» — деген ой келди… Ар бирибиз өз ийинибизде жатып алып дүйнөгө сереп салып, ошол ийиндин оозгу тешигинен гана көргөнүбүзгө жараша жалпы ААЛАМга баа бере берет экенбиз да… «Эй, ийинден чык, жок дегенде ийиндин оозунда жаткан таштын үстүнө чыгып алып айланага көз чаптырчы…аркы тоонун кырына чыга албасаң дагы…» — деп айткан киши жок.

Экинчи жагынан — Отунбаеванын артынан түшүп көө жапкыла, каралагыла — деген саясий заказ бар, бир топторуна жакшы эле акча берилген, колдорунан келишинче аракеттерин жасап, алган акчаны актап жатышат — деген сөздүн да чындыгы барбы дедим. Мурда ишенген жок элем, анын кимге кереги бар деп. Кереги бар окшойт. Айрыкча аркы-беркиден кабары бар, түшүнүгү бар эле адамдардын карандай калпты жазып, аны айгайлатып сүрөп жатканын көрүп туруп ишенип жатам бул мишке. «Бир ит көрүп үрөт, жүз ит көрбөй үрөт» — демекчи, ошол тапшырык алгандар «көрүп» үрүп, калгандары коштоп эле «көрбөй» үрүп жаткандай го кыязы… «Улут кызыкчылыгы» — деген ураанга жетеленип…

Улут кызыкчылыгына келсек — кечеги күнү Роза Исаковна мына ошол УЛУТ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАМЫСЫ үчүн чыкты митингиге, ошол мамлекеттин жүзүн, кыргыз элинин жүзүн сактап калайын деп чыкты, түшүнгөн кишиге.

Азыр интернет ар кимдин колунда, чөнтөгүндө жүрөт… Ачып окуп, угуп, карап көргүлөчү… 8-март күнкү аялдарга карата зомбулукка каршы жүрүштүн уртокмокко алынып, катышуучулардын кармалышы менен кандай гана маалымат жарыя болгон жок… Биздегидей миң киши окуса окуп, окубаса жок болгон гезиттер же сайттар эмес, миллиондогон киши окуп, жүздөгөн мамлекеттердин жетекчилери, жалпы эле дүйнөлүк коомчулук ошол маалымат булагына карата өз пикирлерин түзө турган Рейтер, Нью-Йорк тайм, Аль-Жазира, Би-Би-Си, Ассошиейтед Пресс, Немецкая волна жана башка ондогон агенттиктер, радио, телевидение жана гезиттер айтып да, жазып да чыгышты, аларга шилтеме берип миңдегени кайталап чыгышты, кыргызча айтканда «эл караган бетибиз жер карап» калды… Кыргыз мамлекети мыйзам дегенди билбеген, зордук-зомбулук өкүм сүргөн, ызы-чуудан башы чыкпаган бир жапайы мамлекет катары көрсөтүлө баштады… Окугула ишенбесеңер, эмне деп жазып жатышканын… Түшүнгөнүңөр окугула, ойлонгула, түшүнбөгөндөргө, анан тапшырык менен ыйманын жеп жаткандарга албетте баары бир… аларга айла жок… оозуна келгенин оттой беришсин дейли…

Туура, өлкөбүздө көп кемчиликтер бар, мыйзамдуулук, тартип жагынан аксап турабыз, бирок ошончолук деңгээлде жапайы эмеспиз да…. Бир окуя менен дүйнөгө жапайы көрүнгөнүбүз натуура иш да…

ООНдун Генералдык секретарлыгынан тарта, башка бардык Эл аралык уюмдардан, мамлекет жана өкмөт башчыларынан тарта экс-президент, экс-премьерлерге чейин Роза Исаковнага телефон аркылуу суроолор жаады — Кыргызстан кайсы тарапка кетип бара жатасыңар, эмне окуя болуп жатат — деген. Мына ушундай кырдаалда Роза Исаковна эмне кылуусу керек эле? Албетте, буга чейин НАМЫС үчүн кандай тикелей туруп келсе, азыр дагы Кыргыз мамлекетинин намысы үчүн турушу зарыл болду, дүйнөгө көрсөтүшү керек эле — Кыргызстанда эч кандай чукул бурулуш болгон жок, түшүнбөстүктөр болду, ал үчүн тиешелүү кишилер жооп берет, мына мен дагы бүгүн митингиде турам, бизде эркиндик бар, биз демократия багытынан кайра кайтпайбыз, жарандар өз укуктарын коргоп тынч митингилерге чыга алышат, өз ойлорун ачык айта алышат — дегенди дүйнөгө жеткириши керек эле. Өзүнө кайра эле кара көө жабыларын, карандай калпты курал кылып буту менен басып, мурду менен тынгандардын баары жабалактап асыларын билип туруп барды. Жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн барган жок, тетирисинче өз башынын кызыкчылыгын садага чаап туруп барды… митингиге. Кечеги күнү дүйнө жүзү көрдү аны… бир күн мурдагы натуура пикирди жокко чыгарууга шарт түзүлдү.

Болбосо Роза Исаковнага эмне кереги бар эл менен түртүшүп митингиде жүргөндүн? Учурда ал кишинин даражасындай даража кимде бар? Учурда эле эмес Кыргызстандын тарыхында мындай даражага, эл аралык деңгээлде кадыр-баркка жеткен бир да мамлекеттик ишмер жок. Роза Исаковнанын ООНдун Генералдык секретары Антониу Гутерриштин бийик даражадагы 18 кеңешчисинин бири болуп турганы жалпы кыргыз эли үчүн сыймык. Ушул даражасына ылайык азыр дүйнөнүн канча мамлекетин кыдырып, дүйнөлүк канчалаган маселелердин чечилишине катышып жатат. Быйыл ООНго мүчө болгон бардык мамлекеттер өз ичинде бейпилчиликти камсыз кылуу (миростроительство) багытында аткарылып жаткан иштер боюнча отчет беришет, Кыргызстан дагы. Ошону менен катар ООН дагы өз отчетун даярдайт, ар бир мамлекетти сыртынан баамдап. Мына ошол ООНдун дүйнөлүк отчетун даярдоо үчүн 5 тажырыйбалуу киши дайындалган, алардын бири Роза Исаковна. Түшүнгөн кишиге бул да сыймык. Ал эми акыркы 8 жыл ичинде, кызматтан кеткенден кийин, алган Эл аралык сыйлыктарын санап айтуунун кажети деле жок деп ойлойм. Президенттик кызматты тапшырып кеткенден бери эле ондогон Эл аралык сыйылыктарга ээ болгону дагы биз үчүн сыймык.

Тиги СССР мезгилинде эле СССР Тышкы иштер министирлигин Коллегия мүчөсү катары дүйнөгө таанымал саясатчы болгонун, 1992-93-жылдардагы 413 күнгө созулган Грузин-Абхаз урушунда ООНдун өкүлү катары ошол жаңжалды басууга, эки элди жараштырууга опол тоодой эмгек кылганын көпчүлүк билбейт. Ал эми 2010-жылы март айында, канкор режим менен күрөш чегине жетип калганда Элдик Курултай тарабынан жалпы бириккен оппозицияга лидер катары таанылып, Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп шайланганын, мына ошол Аткаруу Комитетинин башчысы катары Апрель Элдик революциясына жетекчилик кылганы, мынан ошондон улам 7-апрель түнү биринен-бири өтүп, биринен-бири кыйын болгон саясатчылар кетенчиктеп, кооптонуп, жыйынтыгында Убактылуу Өкмөттүн башына Роза Исаковна шайланганы бул жакынкы тарых. Мына ошондой кырдаалда аял да болсо жалтанбай, коркпой жоопкерчиликти өзүнө алып, кыйынчылыктарга тике карап, Өлкөнү өткөөл мезгилден алып чыгып кеткен эрдигин эч ким жокко чыгара албайт. Учурда кычаштыктан улам, же түшүнбөстүктөн улам ары-бери айтылып жаткан сөздөр суу кечпейт, жалаа менен ушактар жукпайт. Бардыгын мезгил, тарых өз ордуна койот. Болгону, пикир жазып же сын айтуудан мурда ар бирибиз өзүбүздү карап, өзүбузгө баа берсек… мен киммин, мекен үчүн, эл үчүн, жок дегенде өз үйбүлөм, өз башым үчүн эмне иш кылдым? — деп.

Количество просмотров: 591