• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолу жабылды

11 Жалган куран 202314:54 Бишкек Govori.TV

Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 11-мартта саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 360 куб метрди түзөт.

Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду кардан тазалоодо.

Количество просмотров: 143