• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кара-Балтада контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды

19 Жалган куран 2022 8:58 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Балта шаарынын “О” ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 миң бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.

Тинтүү учурунда андан тышкары, 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка) табылды.

Учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 1284