Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун билдиргени боюнча көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал — Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
«Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким.
Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.