• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Кара-Кечеден көмүр ташып кеткен УКТ мүчөлөрү кармалды

8 Бештин айы 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 7-декабрында «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн, күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, «Саяк» каймана аты бар К.М. жана «Мики Чор» каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган. Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 2199