Кара-Кулжада каналдан суу ашып 12 турак үйдүн короо сарайын каптады. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
2018-жылдын 14-май күнү Ош облусунун Кара-Кулджа районундагы Кашка-Жол айыл аймагында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен Октябрь айылынын Терек-Суу тилкесинде Ак-Турпак каналынан суу ашып 12 турак үйдүн короо сарайына жана 1 турак үйдүн полуна чейин кирген.
Жерине КР ӨКМнин Кара-Кулджа райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссисы иш алып барууда.