Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 17:28де Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу шаарында орун алган «Оомат» базарында белгисиз жаран денесинен миздүү нерседен жараат алып, ооруканада каза болгондугу туралуу кабар келип түшкөн.
«11-март күнү саат 17:00 чамаларында «Оомат» базарында шектүү жабырлануучуну миздүү нерсе менен мойнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Натыйжада ал денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны кармалган. Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп, араба түртүп иштеп жүргөн. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралат», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.