Кара-Суу районуна караштуу айылдын башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, милиция кызматкерлерине 2025-жылдын 11-январында А.Ж. аттуу жаран кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 2024- жылдын март айында М.С. жана Р.Т. аттуу жарандар жогору жакта иштеген тааныштары аркылуу жогорку кызматка дайындоону убада кылып, 100 000 доллар алган. Алар ошол бойдон качып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 29-январда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу айылдын башчысы — 1978-жылы туулган М.С. бул ишке шектелип кармалды.
Ал убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат