• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кара-Сууда куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон жарандар кармалды (сүрөт)

14 Бештин айы 2021 10:40 Бишкек Govori.TV

Ош областынын Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында, Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан телефону аркылуу Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат 2021-жылдын 13-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталды 2021-жылдын 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында, Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук учурунда, “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткени белгилүү болгон. Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Савай айылынын тургуну 1982-жылы туулган К. Ж арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 13-декбрь күнү саат 09:50 чамасында, Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө өзүнүн «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасында отурган учурда ага бейтааныш азиат улутундагы эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такашып автоунаасынан түшүрүп унаасын айдап качууга аракет кылышкандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында, Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө өздүгү такталбаган азиат улутундагы, 20-25 жаштардагы адамдардын тобу тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сактап, алып жүрүшкөндүктөрү аныкталып, аталган факты боюнча 2021-жылдын 13-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн атуулдар аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери тарабынан кылмышка шектүү жарандар кармалган. Алар: Ш.М, 32 жаштагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси, А.У, 48 жаштагы Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон. Үчүнчүсү, Р.Д 46 жашта, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарынын жашоочусу мурда уурулук фактысы соттолгон/

Мындан сырткары окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, тасмага алынган. Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган, алар:үлгүсү такталбаган толук күйүп кеткен бир автоунаа, бир даана автоматтык ок атуучу куралы 5,45 мм калибрлүү 58 даана ок даары, 2 даана ок кутучалары менен, эки даана тапанча ок атуучу куралдары 9 мм 24 даана ок даарысы менен, тапанча ок атуучу куралы №К-17, ок кутучасы менен далил катары алынган 2 даана сары түстөгү октор жана бир даана гильза, 2 даана кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон рациялар,6 даана атайын бет каптар жана 1 даана калыңдатылган шым.

Бүгүнкү күндө, окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Количество просмотров: 223