• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кара-Сууда жаранды төрт жарым миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды

11 Жалган куран 2024 17:11 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда жаранды төрт жарым миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Алай районунун тургуну 1999-жылы туулган Г.А. арыз менен кайрылган. Анда “Сайит” аттуу жаран анын ишеничине кирип, ага таандык болгон “Volvo FH” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын “Gen Trail TX34” үлгүсүндөгү прицебин алдоо жолу менен алып кеткенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну С.уулу Б. аталган жүк ташуучу автоунааны сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды. Жабырлануучуга келтирилген зыян болжол менен 4 490 000 сомду түзөт»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери уланууда.

Количество просмотров: 119