• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кара-Сууда жергиликтүү депутат бычактан жараат алган

12 Бугу 2023 16:07 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү депутат бычактан жараат алган. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-берениси (“Бейбаштык») менен тергелип жатат. Алгач социалдык түйүндөрдө “Криминалдык топтордун мүчөлөрү бычакташты” деп тараган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экени аныкталганы кабарланды.

«Эки киши бирине бири бычак сайган окуя быйыл 6-майга караган түнү Кара-Суу шаарындагы кабат үйлөрдүн биринин алдында болгон. Жараат алгандардын бири Савай айылдык кеңешинин депутаты, 30 жаштагы Нурбек Абдумалик уулу, экинчиси ушул эле айылдын 28 жаштагы тургуну экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер мекемеси тактоо иштерин жүргүзгөнүн, алар кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин тастыктаган далилдер жок болуп чыкканын маалымдады.

Количество просмотров: 104