• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кара-Сууда жети жарым миң керектөөчү жарыксыз калды

15 Теке 202410:20 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда селдин кесепетинен 7,5 миңдей керектөөчү жарыксыз отурат. Энергетика министрлиги адистер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

Себеби, бул аймактагы сегиз электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Кара-Сууда 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган. Мындан сырткары Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы бир даана электр мамычасын агызып кеткен. Жалпы 26 адамдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары ишке тартылган.

Теги:
Количество просмотров: 76