25-январда, Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү. Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын булуң-бурчунан миңден ашуун улакчы келген.
Маалыматка ылайык, улакчылар оюнда 50 килограммдык торпок тартышкан. Ал эми байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышкан.
«Баш байгеге коюлган батирди белгилүү улакчы Байыш Ниязов менен Акжол Кылыч уулу жеңип алды. Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду»,-деп айтылат маалыматта.
Булак: Sputnik Кыргызстан