• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Карабактагы жаңжал боюнча Пашинян менен Алиев сүйлөшүүгө даяр

20 Тогуздун айы 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Армения премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынч жол менен чечүү боюнча Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен Москвада сүйлөшүү өткөрүүгө даяр.

Пашинян бул позициясын ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди. Ереван Тоолуу Карабактын макамын калк өзү чечүүгө тийиш деп эсептейт.

Ильхам Алиев да ТАСС агенттиги аркылуу жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.

«Биз да тынчтыкты каалайбыз. Бирок Армениядан айырмаланып, мыйзам боюнча өзүбүзгө тиешелүү аймактын өзүбүздө калышын каалайбыз», — деди ал.

«Новая газета» басылмасы Тоолуу Карабак 729 армян аскери каза болгонун билдиргенин жазды. Азербайжан өз жоготуулары жөнүндө ачык маалымат бербейт: Алиев буга чейин курмандыктар жөнүндө маалымат согушук аракеттердин активдүү фазасы аяктагандан кийин жарыялана турганын айткан.

Количество просмотров: 25