• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды 

22 Бирдин айы 202417:09 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган унаа жолдун 47-48-чакырым аралыгында көлөмү 23 миң куб метрди түзгөн 3 көчкү түшкөн.

Жол №11 ЖТИ кызматкерлери тарабынан тазаланды. Азыркы учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 134