• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана транспорт жана жол министрлигинин аткаминери кармалды

5 Жалган куран 2021 23:34 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 5-мартында КР УКМК ККК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Каракол шаардык кеңешинин депутаты «Ч.Т.Ч.» жана КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба Департаментинин No4 аймактык бөлүмүнүн башчысы «К.К.У.» кармалды.

Такталгандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты «Ч.Т.Ч.», 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин No4 аймактык бөлүмүнүн башчысы «К.К.У.» менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Кармалган адамдар Каракол шаардык ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жанаошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.  

Количество просмотров: 301